Google Flow Music: AI Studio

2,73 миң сын-пикир
Мазмун рейтинги
Баары
500 миң+
жолу жүктөлүп алынды
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү
Скриншоттун сүрөтү

Колдонмо тууралуу

18+ гана. 18 жаштан жогорку колдонуучулар гана пайдалана алышат.
Google Flow Music — Google Labs иштеп чыккан, ЖИнин жардамы менен ыр жазуучу музыкалык студия. Маанайыңызды сүрөттөп же ырдын текстин берсеңиз, жогорку сапаттагы толук кандуу ыр аласыз. Андан соң, ЖИ-продюсериңиздин жардамы менен ырды өзүңүз каалагандай өзгөртүп, иштеп чыксаңыз болот.

Эч кандай үн жаздыруучу студиянын, атайын жабдуунун же музыкалык теориянын кереги жок. Биринчи обонуңузду жазып жатасызбы же көптөн бери бит жасап жүрөсүзбү — Flow Music менен чыгармачыл эргүү келет.

МААНАЙДЫ ЖЕ ЫРДЫН ТЕКСТИН ТОЛУК КАНДУУ ЫРГА АЙЛАНДЫРАСЫЗ
"Таңкы саат 7деги эспрессо жана күндүн нуруна бөлөнгөн хаус" деген промпт киргизиңиз же өзүңүз жазган ырдын текстин коюңуз. Flow Music музыкалык аспаптар менен коштолгон вокалы бар толук ыр жасап берет. Каалаган жанрды тандаңыз: поп, хип-хоп, ло-фай, хаус, инди рок, R&B, кантри жана башкалар.

ЖИ ПРОДЮСЕРИҢИЗ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҢҮЗ
Тректи өзүңүз каалагандай жакшыртып берет. Gemini менен иштеген продюсериңизден "басты күчөт", "бриджге гитара солосун кош" же "жоонураак үн менен ырда" деп сураңыз. Ал өзгөртүүлөрдү киргизип, ырыңызды улам бир дубль менен алдыга жылдырып, иштеп чыгат.

КАВЕР ЖАСАҢЫЗ, АЛМАШТЫРЫҢЫЗ ЖАНА УЗАРТЫҢЫЗ
Өзүңүздүн тректериңизди жүктөп бериңиз же буга чейин жасаган ырларыңызды ремикстеңиз. Жаңы стилде кавер түзүп, ырдын бир бөлүгүн алмаштырыңыз (мисалы, гитараны жумшак Rhodes баскычтарына) же жаңы куплет же жыйынтыктоочу бөлүк (аутро) кошуп ырды узартыңыз.

ЫРЫҢЫЗГА КЛИП ТАРТЫҢЫЗ
Google'дун Veo видео үлгүсүнүн жардамы менен жасалган ЖИ клиби менен трегиңизге жан киргизиңиз. Көрүнүштү, каармандарды жана маанайды өзүңүз тандап, ырыңызга шайкештирилген видеону бөлүшүңүз.

SPACES МЕНЕН ЖАҢЫ НЕРСЕЛЕРДИ ЖАСАҢЫЗ
Spaces менен мүмкүнчүлүктөрүңүз кеңейет: жеке аудио плагиндерди, музыкалык оюндарды же өзүңүздүн мини музыкалык колдонмолоруңузду түзүңүз. Башкалар да андан ремикс кылсын десеңиз, аларды бөлүшүңүз.

МУЗЫКАНЫ БӨЛҮШҮП, ЖАҢЫЛАРЫН АЧЫҢЫЗ
Ырларыңызды жарыялап, ойнотмо тизмелерди түзүп, авторлорго жазылып, күн сайын жаңы ырларды табыңыз. Flow Music сиз чыгарма жараткан сайын табитиңизди түшүнүп, убакыттын өтүшү менен жеке стилиңизге жакындай берет.

Жаңы аткаруучу же продюсер катары өз үнүңүздү табыңыз. Flow Music'ти ЖИ ыр генератору катары колдонуп, досуңузга туулган күнүнө ыр, подкастыңызга башкы обон, кийинки видеоңузга бит же жөн гана өзүңүз үчүн трек жаратыңыз. Бүгүн эмне кыласыз?

Колдонуу шарттары: https://policies.google.com/terms
Купуялык эрежелери: https://policies.google.com/privacy
Купуялык билдирүүсү: https://www.flowmusic.app/privacynotice
Музыкалык ЖИ студиясы: идеяңызды, текстти ыр, ремикс жана видеого айландырыңыз.
Качан жаңырды
2026-ж., 25-ноя.

Маалыматтардын коопсуздугу

Коопсуздук дегенде колдонмонун маалыматты кантип топтоп, аны үчүнчү тараптар менен кантип бөлүшө турганын түшүнүү керек. Маалыматтардын купуялыгы жана коопсуздугу колдонмоңуздун иштетилишине, жүргөн аймагыңызга жана курагыңызга жараша болот. Маалыматты иштеп чыгуучу берип, маал-маалы менен жаңырып турат.
  • Үчүнчү тараптар менен маалымат бөлүшүлбөйт
    Иштеп чыгуучулар маалыматтардын бөлүшүлүшү жөнүндө кантип кабар берерин билип алыңыз
  • Бул колдонмо төмөнкүдөй маалыматтарды топтошу мүмкүн
    Жайгашкан жер, Жеке маалымат жана дагы 7
  • Маалымат шифрленип өткөрүлөт
  • Маалыматтарды өчүрүүнү сурансаңыз болот

Баалар жана сын-пикирлер

2,66 миң сын-пикир

Эмне жаңылык

Android үчүн Google Flow Music'ке кош келиңиз!

Колдонмо боюнча колдоо көрсөтүү кызматы

Иштеп чыгуучу жөнүндө
Google LLC
support@google.com
1600 Amphitheatre Pkwy Mountain View, CA 94043 United States
+1 650-253-0000

Google Labs: башка колдонмолору

Окшош колдонмолор